Бишкек шаарынын мэри ардагерлерди куттуктады

4-Май 2018, Жума, 17:38

Бүгүн, Бишкектеги “Жеңиш паркында” Улуу Ата-Мекендик согуштун 73 жылдыгына арналган иш-чара болуп, аны мэрия тарабынан уюштурулган концерт коштоду. Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов да катышып, шаар тургундарын жана согуш ардагерлерин Улуу жеңиш майрамы менен куттуктады. Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорду эскерип гүл коюлду.

Улуу Ата-Мекендик согуш адилеттик менен жүзү каралыктын, ажал менен ар намыстын, жакшылык менен жамандыктын, боорукерлик менен таш боордуктун, кайрымдуулук менен мерездиктин жаркын келечек менен акыры замандын согушу катары тарыхта жазылып калды. Кандуу майдан 1418 күнгө созулуп, 57 млн күнөөсүз өмүрлөрү кыйылган. Согушка 33 мамлекет катышкан. Совет эли 30 миллиондон ашуун адамды жоготкон.

Ардагерлерге арнап "Жеңиш" ырын тартуулашты


Бишкек шаарынын мектеп окуучулары да келип, согушта курман болгондорду эскерип гүл коюшту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!