Токбаева: "Баш мыйзам коомдун турмушун иретке келтирет"

5-Май 2018, Ишемби, 13:18

Кыргыз республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева Кыргызстандыктарды Конституциянын кабыл алынган күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун текстин өзгөртүүсүз беребиз:

Сиздерди Конституция күнү менен куттуктайм. Жылдан-жылга биз бул күндү мамлекеттик майрам катары белгилеп келебиз. Бул майрамды өлкөнүн негизги укуктук докумени үчүн эле эмес, эң алгач өзүбүздүн тандообуз үчүн, өзүбүз үчүн майрамдайбыз.

5-май күнү Кыргыз Республикасында Конституция күнү- өлкөнүн негизги мыйзамынын күнү белгиленет. Анткени, 1993-жылы Кыргызстан Республикасынын Жогорку кеңешинин XII сессиясында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган.

Конституцияга ылайык адамдын жана жарандын укугу жана эркиндиги мамлекеттик ишмердүүлүктүн маанисин жана мазмунун аныктайт.

Баш мыйзам өлкөнүн өнүгүшүн багыттап, коомдун турмушун иретке келтирет. Өлкө бир орунда турбайт. Ал күнүгө өзгөрүлүп, мыйзамдарда дагы өзгөрүүлөрдү талап кылат. Андыктан, Кыргыз Республикасынын Конституциясында мамлекеттин жашоосунда мындан ары да ишенимдүү пайдубал боло турган бир канча жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм жана сиздерге ден-соолук, бакубатчылык каалайм.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!