Абылгазиев байланыш кызматкерлерин куттуктады

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 11:05

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев байланыш тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы өз куттуктоосунда, байланыш кызматкерлеринин күнү жана 70 жылдык юбилейи менен куттуктап, Кыргызстанда 1948-жылы төрт радиорелейлик станциядан турган линия орнотулуп пайдаланууга берилген жана ошондон тарта өлкөнүн байланыш тармагы өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилеген.

Андан тышкары Абылгазиев өкмөттүн программасында байланыш тармагында бир катар артыкчылыктар каралган белгилеп, Кыргызстандын аймагында санариптик коммуникацияларга жетүүнүн инфратүзүмүн өнүктүрүү, бардык аймактарга толкун аркылуу жетүүнү кеңейтүү; коммуникациялар технологиясына негизделген сервистерди ишке киргизүү менен акылдуу жана коопсуз шаардык аймактын инфратүзүмүн өнүктүрүү маселелерине токтолгон. Ошондой эле, өлкө интернет тармактарына тез жетүү 100%га чейин, бардык калктуу конуштарда санарип берүүлөрү боюнча 100%га чейин камсыз болорун белгилеп кеткен.

“Биз санариптик форматтагы берүүлөргө өттүк, ал эми бошотулган жыштыктарда жаңы жогорку ылдамдыктагы жетүү стандарттары пайдаланууга берилди.

Байланыш тармагындагы жетишкендиктер жөнүндө айтып жатып, ушул тармакты калыптандырууга жана өнүктүрүүгө өз билимин, аракетин, болгон күчүн жана өмүрүн арнаган ардагерлерге ыраазычылыгымды билдиребиз.

Урматтуу байланыш тармагындагы кызматкерлер, Сиздерди чыгармачыл ийгиликтер, жаңычыл идеялар, жаратмандык иштер коштой берсин. Үй-бүлөңүздөргө бакыт жана бекем ден соолук каалайбыз!”,- деп айтылат Абылгазиевдин куттуктоо сөзүндө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!