Мыйзамдагы кемчиликтер жоюлууда

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 18:53

Бүгүн, 7-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Мыйзам долбоору аркылуу “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамдагы кемчиликтер менен айырмачылыктар жоюлуп, Жер кодексине шайкеш келтирилүүдө.

Долбоордо колдонуудагы мыйзамдын 1-беренесиндеги айыл чарба багытындагы жерлер түшүнүгү эксперименталдык жана айыл чарба кооперативдерине багытталган, Тажырыйба-селекциялык жана сорт сыноо иштерин жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу жерлер менен толукталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!