Ош облусунун Араван районуна караштуу Чөгөм айылында мыйзамсыз сакталган курал-жарактар табылды.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Араван районундагы Чөгөм айылынын 31 жаштагы тургунунан тиешелүү документтери жок “Карабин КО-44” үлгүсүндөгү курал-жарак табылган. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында ушул эле айылдан 42 жаштагы тургундан "ТОЗ-8" ок атуучу курал табылган.
Алынган курал жарактар экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.