Абылгазиев согуштун ардагерлеринен кабар алды

8-Май 2018, Шейшемби, 10:39

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 7-майда Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарында жашаган Гаваз Мингараев жана Ош шаарынын тургуну Муктар Нургазиев аттуу 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр ардагерлерди алдыда келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, аларга Өкмөттүн жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

«Сиздер жасаган эрдик өлбөйт. Ал кылымдар бою элдин эсинде жашай берет. Сиздердин кайратмандыгыңарды, баатырлыгыңарды баалоо, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине ар тараптуу жардам көрсөтүү- биздин ыйык милдетибиз болуп саналат», – деп белгиледи Абылгазиев.

Өкмөт башчы ардагерлерге чың ден соолук, узун өмүр каалап, материалдык көмөк көрсөттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!