Момбеков:"Кычкачты да ала келсин, көрөлү"

10-Май 2018, Бейшемби, 12:29

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу мыйзам бузуулар боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусунда аты аталган Жантөрө Сатыбалдиев башында турган мурдагы премьер-министрлердин барын чакырууну талап кылды.

Анын айтымында, отчётто жооптуу кишилер катары алардын аты-жөнү айтылып жаткандыктан, экс-аткаминерлер сөзсүз катышуусу шарт.

«Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев жана Сапар Исаковдорду чакыралы, алар келип акыркы сөзүн айтышсын. Азыр элге ТЭЦтеги авария эмес, 600 долларга алынган кычкач кызык. Кычкачты да ала келсин. Ал эмне алтындан жасалганбы көрөлү да. Бул окуя кылымдын кылмышы болду. Ошондуктан УКМК бул маселе боюнча козголгон кылмыш иш канчалык денгээлде жүрүп жатканы боюнча маалымат берсин»,- дейт Момбеков.

Мындан мурдараак депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов комиссиянын корутундусун күн тартибине киргизүүнү сунуштап, ал Жогорку Кеңештин төрагасынан саат 14.00гө ЖЭБди модернизациялоого тиешеси бар адамдарды жыйынга чакырууну суранган.

Анын айтымында, комиссиянын корутундусу 30 барактан турат. Ага экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Жоомарт Оторбаев башында турган модернизацияга жооптуу деп табылган аткаминерлердин тизмеси дагы киргизилген.

Эскерте кетсек, 26-январда Бишкек ТЭЦтин айрым жабдыктары убактылуу иштен чыккандыктан электр кубаттуулугу 350дөн 154 мегаваттка, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары жылуулук үчүн жалпы 7 күнгө акы төлөбөй тургандыгын «Улуттук энергохолдинг» компаниясынан билдиришкен. Ошондой эле Башкы прокуратура ТЭЦдеги авария боюнча «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен. Андан тышкары Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы камакка алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!