​ТВЕА келишиминде өлкө кызыкчылыгы корголгон эмес

10-Май 2018, Бейшемби, 15:31

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов корутундусун жасап жатып, ал ошол кездеги өкмөт башчы жана анын мүчөлөрү Кытайдын ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынбаганын айтты.

Анын маалыматына караганда, Кытайдын Эксимбанкынан насыя алуу боюнча негизги келишимге экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Ошондой эле Экономика министри Темир Сариев, Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев дагы өзүнүн сунуштарын берүү менен кол коюшкан. Андан тышкары Каржы министри Ольга Лаврова келишим официалдуу тилде болсун деген өкмөт башчынын тапшырмасына карабай, англис тилиндеги келишимге кол койгон.

Мындан тышкары депутаттык комиссиянын төрагасы бир канча атка минерлердин аты атады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!