Мугалимдердин айлыгына изилдөө жүргүзүлдү

Мугалимдердин айлыгына изилдөө жүргүзүлдү
15-Май 2018, Шейшемби, 15:54

Булан институту 15-майда «Кыргыз Республикасында мектеп мугалимдеринин социалдык абалы жана статусу» аттуу баяндамасын коомчулука сунуштады.

Баяндамада мектеп мугалимдеринин социалдык абалы, эмгек акысы жана коомдогу статусу талдоого алынган.

Булан институту Кыргызстандагы мугалимдердин айлыгы, жашоо шарты, статусу боюнча кенен иликтөө жүргүздү. Соңку жылдары агартуучулардын айлыгы эки ирет жогорулатылса да айрым мугалимдердин маянасы эмне себептен кайра азайып калганы жана эмгек маяна кантип эсептелинери, мыйзам боюнча мугалимдерге кандай социалдык колдоо жана жеңилдиктер каралганы, алар иш жүзүндө аткарылып жатабы, мугалимдерди турак-жай менен камсыздоо жана ден соолугун чыңдоо өңдүү социалдык кепилдиктер аткарылып жатабы деген суроолорго жооп издеген.

Андан сырткары улгайган мугалимдер эмне үчүн пенсиядан кийин да мектепте калууга мажбур жана жаш мугалимдерди мектепте иштетиш үчүн мамлекеттик чаралардын жетишсиздиги анализ кылынган.

"Баяндаманы даярдоого төрт айга чукул убакыт кетти. Булан институту республикабыздын ар бир дубанындагы мектеп мугалимдери менен маектешип, баарына социалдык абалы жана эмгек акысы тууралуу суроо узатты. Кабинеттик изилдөө учурунда мыйзамдык нормаларды жана токтомдорду анализдеп чыктык",-деп айтылат аталган институттун маалыматында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!