Канат Бегалиев кызматка келди

Канат Бегалиев кызматка келди
15-Май 2018, Шейшемби, 16:32

Канат Бегалиев Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, ал аткезчиликке шектелип кармалган мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келген.

Канат Бегалиев 2008-жылы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды тагынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!