ЖЭБ: депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланат

ЖЭБ: депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланат
16-Май 2018, Шаршемби, 10:02

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоону улантат.

Буга чейин ЖК аталган корутундуну талкуулап, анда бул маселени иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов Бишкек ЖЭБдеги авариянын болушу менен өлкөдөгү энергетика тармагындагы абал менен коррупциялык көрүнүштөр ачыкка чыгып жана бул багытта маселе бар экенин тастыктагандыгын айткан. Ошондой эле ал ошол кездеги өкмөт башчы жана анын мүчөлөрү Кытайдын ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынбаганын кошумчалган. Андан тышкары депутаттык комиссиянын корутундусуна "Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду" деген 30га жакын жетекчини тизмеге киргизген.

Ал эми депутат Кенжебек Бокоев ЖЭБдин айланасында түзүлгөн кырдаал үчүн өлкөнүн парламенти да жооптуу экенин билдирди.

Эскерте кетсек, 26-январда Бишкек ТЭЦтин айрым жабдыктары убактылуу иштен чыккандыктан электр кубаттуулугу 350дөн 154 мегаваттка, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары жылуулук үчүн жалпы 7 күнгө акы төлөбөй тургандыгын «Улуттук энергохолдинг» компаниясынан билдиришкен. Ошондой эле Башкы прокуратура ТЭЦдеги авария боюнча «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Андан тышкары Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы камакка алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
21-сентябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
21-сентябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Пакистандын экс-премьери күрөөгө бошотулду
Пакистандын экс-премьери күрөөгө бошотулду
Небересин тирүү көмгөн аял кармалды
Небересин тирүү көмгөн аял кармалды
Макешов: “500 миң сомдук долбоор азыр 500 миң долларлык долбоорго айланды”
Макешов: “500 миң сомдук долбоор азыр 500 миң долларлык долбоорго айланды”
Жээнбеков
Жээнбеков "Астра Солар Технолоджис” ишканасында болду
Учакта жүргүнчүлөрдүн оозу мурду канады
Учакта жүргүнчүлөрдүн оозу мурду канады
Бишкек шаардык кеңешти 29 жаштагы Абиров башкарат
Бишкек шаардык кеңешти 29 жаштагы Абиров башкарат
Мэр бала бакчага күтүүсүз барды (фото)
Мэр бала бакчага күтүүсүз барды (фото)
Марат Джаманкулов Юстиция министри болуп дайындалды
Марат Джаманкулов Юстиция министри болуп дайындалды
Жаӊыл Мамбеталы  Жогорку соттун судьялыгына шайланды
Жаӊыл Мамбеталы Жогорку соттун судьялыгына шайланды
Киркоров жана Басковдон Канье Уэстин клибине пародия
Киркоров жана Басковдон Канье Уэстин клибине пародия
Өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп Шамилбек Асымбеков дайындалды
Өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп Шамилбек Асымбеков дайындалды
 Ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды
Ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды
Сарыбашов: Ишкерлерди ар тараптан колдоого даярбыз (фото)
Сарыбашов: Ишкерлерди ар тараптан колдоого даярбыз (фото)
​Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапар менен барат
​Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапар менен барат
"Человек на Луне" фильминин акыркы трейлери (видео)