Нышанов: "Жоопкерчиликтен качканга аракет кылышууда"

Нышанов:
16-Май 2018, Шаршемби, 13:19

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатканда депутат Сайдулла Нышанов экс-премьер министр жоопкерчиликтен качып чыкканга мүмкүнчүлүк издеп жатат деп билдирди.

«Жантөрө Жолдошович сиз 120 депутатты алдабасаңыз. Бары сиздин кол алдыңызда болчу. Ошол кезде өкмөт башчы болгон бардыгына жооп берет. Анан бул жерге келип алып, башты айландырып мен укуктарымды өткөрүп бергем деп. Анда башка бирөөгө өткөрүп берип коюңуз. Бирөө башкарсын. Андай болбойт. Сиз барын карап тургансыз. Ошондо бүт туура эмес чечимдерди алып келип туруп, өзүңүзгө парламентти илештирип, парламент добуш берген деп коомчулукта талкуу болуп жатышына сиз күнөөлүсүз. Бул бизге келбеши керек эле. Азыр “тонкий” айтканда сиз парламентти да аралаштырып, жоопкерчиликтен качып чыкканга мүмкүнчүлүк издеп жатасыз. Бирок, бул вариянттыңыз бул жолу өтпөйт”,- деди Нышанов.

Андан мурдараак эле Жантөрө Сатыбалдиев: “Өзүңүздөр Бишкек ЖЭБге модернизациялоо керек деп корутунду чыгарып жатасыздар. Бининчи пунктунда модернизациялоо жана инвестиция керек деп жазып жатасыз. Биздин өкмөттүн мүчөлөрүнүн кол коюп берген келишиминин жыйынтыгына кол коюп бердим. Мен кол кол койгон жокмун. Мен өзүмдүн укуктарымды мыйзам боюнча каржы министрине берип жатам” ,- деп билдирген.

Эскерте кетсек, 26-январда Бишкек ТЭЦтин айрым жабдыктары убактылуу иштен чыккандыктан электр кубаттуулугу 350дөн 154 мегаваттка, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары жылуулук үчүн жалпы 7 күнгө акы төлөбөй тургандыгын «Улуттук энергохолдинг» компаниясынан билдиришкен. Ошондой эле Башкы прокуратура ТЭЦдеги авария боюнча «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Андан тышкары Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы камакка алынган.

Бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, өткөн жумада ЖК депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулган. Анда бул маселени иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов Бишкек ЖЭБдеги авариянын болушу менен өлкөдөгү энергетика тармагындагы абал менен коррупциялык көрүнүштөр ачыкка чыгып жана бул багытта маселе бар экенин тастыктагандыгын айткан. Ошондой эле ал ошол кездеги өкмөт башчы жана анын мүчөлөрү Кытайдын ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынбаганын кошумчалган. Андан тышкары депутаттык комиссиянын корутундусуна "Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду" деген 30га жакын жетекчини тизмеге киргизген.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!