Шагиева мастер-класска чакырат

Шагиева мастер-класска чакырат
16-Май 2018, Шаршемби, 13:34

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева «Музейлер түнү» акциясынын алкагында биринчи жолу мастер-класс өтөт. Бул тууралуу ал Instagram социалдык баракчасына жазып чыккан.

«Эгер сен чыгармачылыкка кызыксак, баткактан фигура жасоону кыялданып бирок жол-жобосун билбей жүргөн болсоң, же жөн гана жандуу музыканын коштоосунда маектешкиң келсе, анда иш чараны өткөрүп жибербе»,-деп жазды баракчасына Шагиева.

Алиянын колунан жаралган сүрөт көргөзмөсү жана мастер-класс 18-майда Чуйков атындагы сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында саат 19.00дө башталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!