Депутат: "Каалайбызбы, каалабайбызбы акчаны төлөш керек"

Депутат:
16-Май 2018, Шаршемби, 13:56

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатканда депутат Камчыбек Жолдошбаев Кытайдан алынган 386 млн долларды төлөө боюнча атайын фонд түзүүнү сунуштады.

“Депутаттар менен коноктордун сүйлөп жатканынын баары эле туура. Бирок, жанакы акчаны каалайсыңарбы же каалабайсыңарбы төлөш керек да. Силер кыргыз журчулугун “Манас” өлгөндөй кылдыңарда. Эми кыргыз эли кайгырып турат. Манас өлүп калса, кошумчаңарды кошмоксуңар. Муну бериш керек. Сүйлөп эле жатабыз, өзүнчө бир фонд түзүп же болбосо кайрымдуулык кылабы жанакы байлар билгизбей өзүбүз акча топтоп, Кытайга болгон карыздан кутулалы. Эртең үч экс-премьер-министрди же бизди аямак беле. Бериш керек. Ушуну Дастан Артисбекович ушуну бир ойлонузчу. Анан бири-бири менен ажылдашып сүйлөшкөндө болбойт. Сиздер дагы өзүңөрдүн кылган нерсеңерди моюнга алып, муну мындай кылалы деп, депутаттарда калыстыка келип айтышпайбы. Түз жасайлы”,- дейт Жолдошбаев.

Эскерте кетсек, 26-январда Бишкек ТЭЦтин айрым жабдыктары убактылуу иштен чыккандыктан электр кубаттуулугу 350дөн 154 мегаваттка, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары жылуулук үчүн жалпы 7 күнгө акы төлөбөй тургандыгын «Улуттук энергохолдинг» компаниясынан билдиришкен. Ошондой эле Башкы прокуратура ТЭЦдеги авария боюнча «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Андан тышкары Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы камакка алынган.

Бул маселе иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, өткөн жумада ЖК депутаттык комиссиянын корутундуну талкуулган. Анда бул маселени иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов Бишкек ЖЭБдеги авариянын болушу менен өлкөдөгү энергетика тармагындагы абал менен коррупциялык көрүнүштөр ачыкка чыгып жана бул багытта маселе бар экенин тастыктагандыгын айткан. Ошондой эле ал ошол кездеги өкмөт башчы жана анын мүчөлөрү Кытайдын ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынбаганын кошумчалган. Андан тышкары депутаттык комиссиянын корутундусуна “Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду” деген 30га жакын жетекчини тизмеге киргизген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!