ЖЭБди модернизациялоо демилгеси кимдики болгон?

ЖЭБди модернизациялоо демилгеси кимдики болгон?
16-Май 2018, Шаршемби, 15:15

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатканда депутат Алтынбек Сулайманов Бишкек ЖЭБди модернизациялоо кимдин демилгеси кимдики болгонунуна кызыкты.

Эл өкүлүнүн суроосу боюнча ошол кездеги өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев жооп берип жатып, ал ЖЭБди модернизациялоо 1996-жылдан бери көтөрүлүп келгенин айтып, ал бул маселе 2013-жылдын февраль айында каралганын, анда Бишкек ЖЭБ модернизациялоо бир пунк болуп киргенин маалымдады.

“Мен 2012-жылы өкмөт башчы болуп келгенде, менин программада бир пункт болуп кирген. Демилге меники болгон”,- деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!