Мэр шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө

Мэр шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө
16-Май 2018, Шаршемби, 16:33

Калаа башчы Албек Ибраимов бүгүн, 16-майда Бишкек шаарынын Свердлов районунун тургундары менен жолугушууда көйгөйлөрдү жеринде угуп, маселелерди чечүү жолдорун айтып берди.

Жолугушууга Свердлов районунун акими Болотеков Самарбек, Бишкек ШИИБ, ӨКМ, Прокуратуранын кызматкерлери да катышты.

Жыйын учурунда калаа башчысына алгачкы сөз берилген соң суроо-жооп менен уланды.

Жалпы жолунан жарандардан келип түшкөн суроолор ирригация, унаа токтотуучу жай, коомдук транспорт, сквер куруу маселелерине байланыштуу болду. Ошондой эле катышуучулар көп кабаттуу имараттарды куруунун мыйзмамдуулугу, суу түтүктөрүн алмаштыруу, газ менен камсыздоо боюнча көйгөйлөр бар экенин айтышты.

Ал эми мэр ар бир айтылган сунуш-пикирлерди эске алып, маселени оң жагына чечип берүүгө убада кылып, өз көзөмөлүнө алаарын кошумчалай кетти.

Свердлов районунун тургундары Мэрия көчөлөрдү жарыктандыруу, жол куруу жана оңдоо иштери боюнча алгылыктуу иштеп жатканын айтышып, мэр Албек Ибраимовго жана анын командасына ыраазычылык билдиришти.

Эскерте кетсек, мэр эртең 17-майда Кыргыз улуттук агрардык университетинин (Медеров к. 68) жыйындар залында биринчи Май раонунун жашоочулары менен жолугат.











Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!