Көчмөндөр оюну боюнча кенен маалымат берилди

Көчмөндөр оюну боюнча кенен маалымат берилди
16-Май 2018, Шаршемби, 17:07

Бүгүн “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана Ысык-Көлдө көчмөндөр айылын куруу” жөнүндө иш- чара болду.

Иш- чарада Көчмөндөр оюндарындагы мелдештердин форматын, көчмөн элдин салтын жандандыруу жана Ысык-Көл облусуна Көчмөн маданият шаарчасынын курулушун талкуулашты.

Жаштар иши, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Арпачиев быйылкы Көчмөндөр оюнуна жаңы оюндар кошулганын айтты.

“Тажик күрөшү, Өзбек күрөшү, Россиянын күрөшү, бел боо күрөш жана башка оюндар кирип жатат. Ар бир мамлекет өздөрүнүн программасы менен келип, Көчмөндөр оюнуна катыша алышат. Быйылкы Көчмөндөр оюнунда дүйнөдөн жетимиштей өлкө келет. Оюндун максаты унутта калган оюндарды жандандыруу. Оюнга Кыргызстандын атынан 224 спортчу катышат”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!