Орто-Сайда жарылуучу зат табылган жок

Орто-Сайда жарылуучу зат табылган жок
16-Май 2018, Шаршемби, 17:08
Орто-Сай базарында жарылуучу зат табылган жок. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 16-майда түшкү саат 12.30 чамасында Бишкек шаарындагы «102» нөөмөт кызматына белгисиз адам борбор калаадагы Орто-Сай базарына бомба коюулду деген билдирүүнү айтып, качып кеткен. Жерине токтоосуз түрдө КР ИИМ жана МУКК кызматкерлери келишип, Орто-Сай базарынын аймагы курчоого алышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында кандайдыр бир шектүү буюмдар жана жардыруучу заттар табылган жок. Учурда базар кадимки режимде иштеп жатат.

УКМК телефон чалган адамды аныктап табуу боюнча ыкчам-издөө иш чараларын улантууда.

Эскерте кетсек, Кыргыз республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо ) адамдардын өлүмүнө,олуттуу мүлктүк зыянга,же болбосо башка оор кесепеттердин келип чыгышынын коркунучун келтирүүчүдаярдалып жаткан, өрттөө же башка аракеттер жөнүндө атайылап жалган маалымат билдирилгенде үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!