​Момбеков: “Авария болгон насоско орден берүү керек”

​Момбеков: “Авария болгон насоско орден берүү керек”
16-Май 2018, Шаршемби, 17:41

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатканда депутат Рыскелди Момбеков ЖЭБде бузулган насоско ордер берүү керектигин билдирди.

“Эркиңер жетеби депутаттык комиссия. Чакыргыла экс-президенттида, эмки президентти да. Ошондо мына чындыкка чыгасыңар. Бул боюнча мамлекеттик комиссия түзүш керек болчу. Анан бүгүн тигил жакта жети баланы камап коюп кыйын боло бербей. Мына арабызда биздин депутаттар отурат. Кадыркулов, Муратбеков, Сариевдер отурат. Анан ушулардын барын ичип жегичтер кылып, өзүбүз ак болуп отурбай. Бирөө айтып жатат депутаттык комиссияга рахмат деп, мен авария болгон насоско айтам. Болбосо сырда, чырда чыкмак эмес. Ошол насоско орден бериш керек. Мына чындык ушул жерде жатат. Анан айланып келип эле сен жедиң, мен жедим деп жатабыз. Жегендер ушул жерде, арабызда жүрөт. Анан 386 млн долларды жеп койду эле жеп койду деп жатабыз. Жесе бир азын жегендир. Кыргыз жей албай койбойт. Барын жеп койду десе бары жеп ичкичтер деп ойлойт эл. Бир аз абайлап сүйлөсөк, ТЭЦ турат да. Авария эски ТЭЦте болуп жатат да. Анан башка жакка бурмалап жатпайбызбы? Бул чындыкка шайкеш келбейт. Эл деле көрүп турат кимдин каяктан байыганын. Чөнтөктөн карызды төлөп берели дебейт да, азыр депутаттардын арасында бир ТЭЦ сала тургандай байлыгы барлар бар. Карызды төлөп бербей, 10 ТЭЦ салып бергиле”,- деди Момбеков.

Эскерте кетсек, бүгүн, парламенттин жыйынында Кытайдан алынган 386 млн долларды төлөө боюнча атайын фонд түзүү сунушталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!