Бишкектин айрым аймактарында газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында газ өчүрүлөт
17-Май 2018, Бейшемби, 09:17

Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коому билдирди.

17-майдан 18-майга чейин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Барнаул, Матыев, Украин, Абдыкаров көчөлөрүндө жана Сайра Кийизбаева көчөсүндөгү № 153, 207, 144, 178-үйлөрдө убактылуу көгүлтүр от берилбейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!