Эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды
17-Май 2018, Бейшемби, 09:24

Эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

“Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнүн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, эл аралык издөөдө жүргөн жарандын өздүгү такталып, ал 1965-жылы туулган М.Б. аттуу болуп чыккан. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 3-бөлүмүндө (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча Жалал-Абад ОИИБи тарабынан издөөгө алынган. Аталган кылмыш иши 2016-жылдын сентябрь айында козголсо, Базар-Коргон РИИБи тарабынан издөөгө алуу боюнча издөө иши 2017-жылы башталган. Издөөгө алган тарапка маалымдама жөнөтүлдү” – деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Минск конвенциясына ылайык өз өлкөсүнө жөнөтүү тууралуу маселелери чечилип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!