Парламентте Гүлнара-Клара Самат ант берди

Парламентте Гүлнара-Клара Самат ант берди
17-Май 2018, Бейшемби, 09:56

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште “Ата-Мекен” фракциясынын тизмеси боюнча депутаттык мандат алган Гүлнара-Клара Самат ант берди.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Гүлнара-Клара Саматтын депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Айта кетсек, Гүлнара-Клара Самат “Ата Мекен” партиясынан мурдагы депутат Аида Салянованын ордуна келди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!