Филармонияда классикалык концерт өтөт

Филармонияда классикалык концерт өтөт
17-Май 2018, Бейшемби, 10:02

Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда артист Дмитрий Хворостовскийдин жаркын элесине арналган классикалык музыка концерти 20-май күнү өтөт.

Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

“Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин коштоосунда улуу артисттин репертуарындагы чыгармаларды опера ырчысы Денис Седов аткарат. Концертке опера жана балет театрынын алдыңкы солисттери менен академиялык хор катышат", — деп айтылат маалыматта.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!