ЖЭБ: камалгандарды чакыруу сунушталды

ЖЭБ: камалгандарды чакыруу сунушталды
17-Май 2018, Бейшемби, 10:26

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатканда депутат Кенжебек Бокоев ЖЭБге байланыштуу камалган адамдарды да парламентке чакырууну сунуштады.

Анын айтымында, бул маселе байланыштуу экс-президент көрсөтмө берген деген сөздөр айтылууда.

“Камалгандарды чакырсак, алар келип бардыгына ошолор жооп берет. Анткени биз күнөөсү бар деп кармадык. азыр бул жерден президент көрсөтмө берди жана башка деп. Ошондуктан кармалгандарды чакыралы, алар өздөрүн акташ үчүн толук маалыматты берет”,- дейт Бокоев.

Эскерте кетсек, 26-январда Бишкек ТЭЦтин айрым жабдыктары убактылуу иштен чыккандыктан электр кубаттуулугу 350дөн 154 мегаваттка, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары жылуулук үчүн жалпы 7 күнгө акы төлөбөй тургандыгын «Улуттук энергохолдинг» компаниясынан билдиришкен. Ошондой эле Башкы прокуратура ТЭЦдеги авария боюнча «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Андан тышкары Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы камакка алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди"
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
 Кан басымыңыз көтөрүлсө
Кан басымыңыз көтөрүлсө
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди