ЖЭБ талкуусу: мүлктөрдү камакка алуу сунушталды

ЖЭБ талкуусу: мүлктөрдү камакка алуу сунушталды
17-Май 2018, Бейшемби, 11:03

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатканда депутат Азизбек Турсунбаев коррупцияга шектелип жаткандардын мүлктөрүн камакка алууну сунуштады.

Анын айтымында, ЖЭБ бул башталышы. Датка-Кемин жана башкалар боюнча да бир топ сөздөр айтылууда.

“Бүгүн коррупцияга шектелип жаткандардын өзүн жана мүлктөрүн да камакка алыш керек. Алар ак болсо, акталыш керек. Кара болсо, анын орду түрмөдө болушу керек. Мыйзам баарына бирдей. Бул кийинки келген жетекчилерге сабак болуш керек. Ал эми мурда укук коргоо органдары күнөөлүлөргө акчасын алып, мүлкүн сатып качып чыгып кетүүгө убакыт берчи. Бирок, бул жолу андай болбошу керек”,- дейт Турсунбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!