Депутат менен ЖКнын төрагасы кайым айтышты

Депутат менен ЖКнын төрагасы кайым айтышты
17-Май 2018, Бейшемби, 11:43

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатканда депутат Рыскелди Момбеков мурда кызматтан кеткен кишилерди парламенттин ыйык турбинасынан чыгарып сүйлөтүү туура эмес экенин айтып чыкты.

“Урматтуу төрага биз ушуларды эксперт катары пайдаланып жатабыз. Ыйык өзүбүз ант берген, өкмөт башчылар ант берген турбинага чыгып сүйлөгөнгө жол берип жатабыз. Бул эмне экспертпи? Иштен кеткендер. Анда булар эксперт боло турган болсо анда депутаттык комиссиянын эмне кереги бар? Биз бул жерде комиссиянын корутундусун талкуулашыбыз керек. Мындай болбойт, булардын бардыгы кызматтан алынган кишилер. Өткөндө кызматтан кеткен Өмүркул уулу турбинада сүйлөп, анан дагы мени кызматтан мыйзамсыз алды деп, сотко берип, компенсация төлөтөм деп жатыптыр. Анан эртең бул да айтат, мен туура кылган ишим үчүн Сапар Исаков менен Эрлан Абдылдаев кызматтан алды деп. Бул деген чектөө эмес, кектөө болуп жатпайбы? Эмнеге буларга сөз бересиз. Кеткен кишилерди ортого чыгарып, сөз берген туура эмес”,- деди Момбеков.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрага Дастан Жумабеков суроо жаралганы үчүн жыйынга чакырылганын айтып, Момбековго “туурасын сүйлөңүз” деп кайрылды.

“Булар жыйынга эмнеге чакырылды, суроо туулгандан кийин жооп берүүлөрү керек. Бул жакка чыгып сүйлөсө сиздин эмнеңиз кетип жатат? Ыйык эмес, Кыргызстандын тагдыры, 386 млн доллар кредити чечилип жатат. Ошол боюнча сөз болууда. Бул жакка ырдаганы же жыргаганынан чыгышкан жок. Суроо туулуп ошого жооп беришүүдө. Сиз эмоцияга алдырбаңыз. Бул жерде акыйкат чечилет”,- деп жооп кайтарды Жумабеков.

Ал эми Момбеков төраганы туура алып барууга чакырса, төрага туура алып барып жатканын айтты.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!