ЖЭБ: "Кыргызстан көзөмөлдөөгө укуктуу болгон эмес"

ЖЭБ:
17-Май 2018, Бейшемби, 13:10

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатканда депутат Аида Касмалиева Кыргызстан тарап акча каражатын бөлүштүрүүдө чечүүчү укукка ээ болбогонун айтып чыкты.

“Биз бул EPS контрак болгонун тактадык. Акча каражатын бөлүштүрө келгенде кыргыз тарап, эч кандай укукка ээ болгон эмес. Ошондуктан баалар кымбат болгондо дагы, анын көзөмөлдөөгө укуктуу болгон эмес дегенди тактадык. Укук коргоо органдарына мен кайралат элем, силерге депутаттык комиссия документтерди, каттарды, ноталардын барын берди. ТВЕАны тандоодо колдоо болгонбу же болгон эмеспи деген суроого биз жооп беришибиз керек. ТВЕАны тантоодо акча берилгенби негизги маселе ошондо болуп жатат. Кеп ТВЕАны эмнеге тандаган, ошол учурда саясий таасир болгонбу ошону такташ керек”,- дейт Касмалиева.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!