Уурулук фактысына шектүү жаран кармалды

Уурулук фактысына шектүү жаран кармалды
17-Май 2018, Бейшемби, 15:23

Аламүдүн районунда бир нече уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, 35 жаштагы К.Т. аттуу жергиликтүү жашоочу бир нече уурулукка шектелип кармалган. Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жаран Беш-Күңгөй дачасындагы үйлөрдөн баалуу буюмдарды, зергер жасалгаларын жана тиричилик техникаларды уурдап жүргөнү аныкталган.
Кармалган жаран Аламүдүн районунун аймагынан 10 кылмыш ишине тиешеси бар экендигин моюнуна алып, анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!