Улуу Жибек Жолунун жылдызы тандалды

Улуу Жибек Жолунун жылдызы тандалды
17-Май 2018, Бейшемби, 16:15

Бүгүн август айында Грузиянын Батуми шаарында боло турган Discover Silk Road Star (“Улуу Жибек Жолунун жылдызын табуу”) аттуу фестиваль тууралуу жыйын болду. Бул фестивалга 14 өлкө катыша тургандыгын маалымдашты.

Жибек Жолунун боюнда жайгашкан Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Украина, Польша, Румыния, Түркия, Россия сыяктуу мамлекеттерден келген жаш ырчылар өз өлкөсүнөн барган белгилүү музыканттар менен сахнага чыгышат.

Бул тууралуу жыйында Кыргызстандын атынан катышуучу ырчы Абай Сериков жана анын жетекчиси акын композитор Жамиля Муратова билдирди.

“Бизге бул фестивалдын сунушу кыш айларында келген, бирок бул нерсени бышырып аныктап ордуна келтирип тандоосун жүргүзүп, ким барат ким барбайт деген нерсени, фестивалды уюштуруп жаткан өлкө мага сунуштады. Бул жөнүндө ырчылык менен вокалдык окуу жайларда көптөгөн маалыматтар бар болчу. Көптөгөн талапкерлер да болду, бирок мен ушул жаш ырчы Абайды тандап алдым. Биринчиден Абайдын үнүн, тартиптүүлүгүн жана жоопкерчиликтүүлүгүн бааладым”,- деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!