Казиного каршы күрөш башталды (видео)

Казиного каршы күрөш башталды (видео)
17-Май 2018, Бейшемби, 16:35

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Свердлов РИИБ менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде жашыруун пайдаланылып жүргөн жер астындагы казинону табышты. Ошондой эле токтоосуз издөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси 4”А” дарегинде эки кабаттуу имаратта да жер астындагы казино табылып, талаптагыдай иштөө үчүн чимирик, покер столдору, бухгалтердик документтер жана сыяктуу оюн-зоок шаймандары менен жабдылганы ачыкталганын Финансы полицясынын маалымат кызматы билдирди. ЭККК кызматкерлери тарабынан 12 оюн-зоок автоматтар, 12 покер столдору жана башка буюмдар алынган.


Жогоруда аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 259-1(Оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, ошондой эле оюн-зоок же лотерея жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын жана лотереяларды өткөрүү) беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!