Турсунбеков парламенттин эмнеге күнөөлөнүп жатканын айтты

Турсунбеков парламенттин эмнеге күнөөлөнүп жатканын айтты
17-Май 2018, Бейшемби, 16:37

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатканда депутат Чыныбай Турсунбеков ЖЭБдин айланасындагы маселеге кыргыз эли эле эмес, жалпы дүйнө эли көңүл буруп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бул маселени эмне менен жыйынтыктайт, эмне менен бүтөт деген суроо турат. Кыргызстандын тарыхында “Кумтөрдөн” кийинки эле экономикалык негизи бар, чоң чыр ЖЭБ болуп калды.

"Учурунда бул маселе көтөрүлүп, ЖЭБди реконструкциялоо маселеси көтөрүлгөндө, “Эксимбанктан” кредит алып жатканда бир маселеге баары келип такалган. Эмне үчүн биздин алган кредитти кимге берип иштетилишин кытайлар чечиш керек деген маселе көтөрүлгөн. Негизи “Эксимбанктын” шартына ылайык талаш болгон, кытайдын “ТВЕА” жана “СМЕК” компаниялары. Албетте ТВЕАнын таламын талашып өкмөт турган. СМЕКтин таламын ушул жакта отурган бешинчи чакырылыштын бир канча депутаттары талашып турган. А негизинен жалпысынан бийликтин үч бутагы тең катышкан. Президенттик бийлик, аткаруу бийлик жана Жогорку Кеңеш. Бардыгыбыз жакшы билебиз президенттик бийлик кандайдыр бир деңгээлде координациялык иштерди аткарганын депутаттык комиссиянын документтери көргөзүп жатат. Өкмөт өзүнүн милдетин аткаруу үчүн аракет кылган. Парламент материалдык милдетин аткарып, мөөрүн басып бериши керек болгон. Бирок, парламенттин мөөрүн бастырып алыш үчүн Кытайдын эки компаниясынын артында турган күчтөр менен чоң талаш-тартышы, аракеттери болгон. Анын натыйжасында депутаттар буга катышып калдык. Ошол эле ЖКнын бир канча депутаты ТВЕАга, дагы бир канчасы СМЕКке барып келишкен. Ошолордун барын жиберип же алып баргандардын бир максаты болгон, аталган эки компания кайсынысы татыктуу болгон деген. Натыйжада бир аргумент менен ошол ТВЕАга бериш керек деген Кытайдан келген каттын негизинде ушул жерде отурган 110 депутат ТВЕАны колдоп берген. Парламенттин күнөөсү Кытайдын өкмөтүнүн катына таянып, бизге берилген аргументтерге ишенип, биз ошону колдоп бергенибиз депутаттардын күнөөсү болуп жатат. Бул ишке катышкан бийликтин үч бутагы тең күнөөлү эмес. Балким ошолордун айрым бир кызматкерлери күнөөлү болсо керек. Жок эле дегенде туура эмес кол койгондугу менен, жок эле дегенде Кыргызстандын мыйзамдарын бузууга жол бергендиги менен. Анткени, мыйзам боюнча мындай проектилер, долбоорлор тендер аркылуу аныкталышы керек. Бирок, өзүбүздүн мыйзамдарды Кытайдан келген каттын негизинде бузуп отурабыз. Маселенин баары ошого барып такалып отурат. Эгерде ушунун аягына чыгарыш керек болсо, анда бул укук коргоо, күч органдарынын мойнундагы чоң жоопкерчиликтүү иш болуп жатат. Кыргызстандын мыйзамдары кайсы жерден жана ким тарабынан бузулганын аныктап, алар жоопкерчиликке тартыш керек”,- дейт Турсунбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди"
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
 Кан басымыңыз көтөрүлсө
Кан басымыңыз көтөрүлсө
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди