Кыздар тигүүчүлүк кесипти үйрөнүп чыгышты

Кыздар тигүүчүлүк кесипти үйрөнүп чыгышты
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 17:01

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы “Равза” медресеси мектеп жашындагы бүтүрүүчү класстын окуучуларына “Тигүүчүлүк” кесибин үйрөтүп чыгарууда. Бул ирет тикмечилик кесибин үйрөнүп чыккан 21 кызга алган билимин тастыктаган атайын сертификаттар берилди. Ушуну менен бул жердеги медресе жетинчи ирет бүтүрүүчүлөрүн чыгарып, жумуш менен камсыз кылды. Акысыз кесип үйрөткөн курстар “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” деп аталган долбоордун алкагында ишке ашты.

Бул долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин гранттык каражатына каржыланды. Бул жаштардын келечегине шарт түзгөн социалдык долбоор болгондуктан элчилик окуп үйрөнүүгө кеткен шаймандары менен керектүү жабдыктардын бардыгын 2015-жылы эле сатып берген. Ошондон бери медресе жетекчилиги кесип үйрөткөн курстарды өз алдынча байма-бай уюштуруп, медресени бүтүп чыккан жаштарды жумуш менен камсыз кылып келе жатат. Курстардын негизги максаты – жаштарды терроризм, экстремизм, радикализм азгырыктарынан коргоп, ушул сыяктуу мандемдүү топторго кошулуп, азгырылып кетпешинин алдын алуу жана аларды жумуш менен камсыз кылуу болуп жатат.

Белгилей кетсек, диний окуу жайда окуган кыздар зээндүүлүгү менен айырмаланышууда. Болгону 1,5 айда тигүүчүлүктү үйрөнүп чыккан кыздар көйнөк, шым, юбка жана башка кийимдерди тиккенди үйрөнүп, көпчүлүгү дароо эле жумуш менен камсыз болуп жатышат. Жаңы-Жер айылы менен Бишкекте тигүүчү цехтер менен заказ берүүчүлөр көп болгондуктан жаңы эле кесип үйрөнүп чыккан кыздар бир аптанын аралыгында 6-10 миң сомдун тегерегинде акча таап жатышат. Мурда кесип үйрөтүү курстарын элчиликтин колдоосу менен Айылдык жаштарды кесиптик шыктарга окутуу (“АВЕП”) коомдук фонду окутуп келген. Кийинки жылдары буга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия дагы тыгыз катышып, долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүү менен жаштарды жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатка салым кошууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!