Сапар Исаковдун Кытайга канча жолу барганы маалым болду

Сапар Исаковдун Кытайга канча жолу барганы маалым болду
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 18:13

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков акыркы алты жылда Кытайга 4 жолу гана барган. Бул тууралуу КСДП партиясынын катчылыгы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, бардык документтерди карап чыккандан кийин акыркы алты жылда Исаковдун 4 жолу Кытайга барганы маалым болгон. Бардык сапарлар иш максатында жасалган.

“2012-жылы Сапар Исаков Пекинде өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине барган. Андан кийинки Шанхайга болгон сапар Азия менен 2014-жылы кызматташуу боюнча Кеңешменин алкагында жасалган.Үчүнчү жолу Исаков 2016-жылы Пекинге Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышуу үчүн барган. Ал эми төртүнчү жолу 2017-жылы президенттин Пекинге жасалган иш сапарынын алкагында баргаy”,- деп айтылат КСДП партиясынын тараткан маалыматта.

“Мен Кытайга расмий делегация менен барганым көрүнүп турбайбы. Кытайга ЖЭБ маселеси боюнча бир да жолу барган эмесмин. Депутаттар кимдир-бирөөлөрдөн туура эмес маалымат угуп алып, эми элди адаштырууда”, - деп партия Исаковдун сөзүн келтирди.

Эскете кетсек, Жогорку Кеңеш Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкуулап жатканда депутаттар Исаков Кытайга 46 жолу учканын айтышып, алар Исаковдун Кытай менен кандайдыр бир байланышы болушу мүмкүн деп күмөн санашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
77 жаштагы пенсионер муздун түбүнөн 10 метр сүзүп өттү
77 жаштагы пенсионер муздун түбүнөн 10 метр сүзүп өттү
Жээнбеков ипотекалык насыялоо программасын жүрүшү менен таанышты
Жээнбеков ипотекалык насыялоо программасын жүрүшү менен таанышты
Таиланддын аралчасына белгилүү ырчыны унутуп кетишкен
Таиланддын аралчасына белгилүү ырчыны унутуп кетишкен
2018-жылдын эң мыкты унаалары аныкталды
2018-жылдын эң мыкты унаалары аныкталды
Нью-Йоркто эски көпүрө жардырылды (видео)
Нью-Йоркто эски көпүрө жардырылды (видео)
"Человек-паук: вдали от дома" тасмасынын трейлери (видео)
Кантип чет өлкөдөн бекер билим алса болот?
Кантип чет өлкөдөн бекер билим алса болот?
Дача-СУда авиакырсыктан курман болгондор эскерилди
Дача-СУда авиакырсыктан курман болгондор эскерилди
Момбеков: Токтомду чыгарып берген акимдин үйүн биринчи бузуш керек! (видео)
Момбеков: Токтомду чыгарып берген акимдин үйүн биринчи бузуш керек! (видео)
Өкмөт жарандык коом институттарын өнүктүрүүгө көңүл бурат
Өкмөт жарандык коом институттарын өнүктүрүүгө көңүл бурат
Ашпозчуга айлык бербеген президент гамбургер алдырды
Ашпозчуга айлык бербеген президент гамбургер алдырды
Бек Борбиев кимдерге сын айтты?
Бек Борбиев кимдерге сын айтты?
Ошто 14 жаштагы бала чөп байлоочу жипке асынып алды
Ошто 14 жаштагы бала чөп байлоочу жипке асынып алды
Төрөбаев: Айып пул боюнча өкмөт уят болду (видео)
Төрөбаев: Айып пул боюнча өкмөт уят болду (видео)
​Денис Тенди өлтүргөндөрдү 20 жылга эркинен ажыратууну сурашты
​Денис Тенди өлтүргөндөрдү 20 жылга эркинен ажыратууну сурашты
Самара Каримова: Эркек болуп туруп майдалана берет  экенсиз...
Самара Каримова: Эркек болуп туруп майдалана берет экенсиз...