Кулматов эмне себептен кызматтан кеткенин айтты

Кулматов эмне себептен кызматтан кеткенин айтты
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 19:29

Бүгүн, 21-майда Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов УКМКга сурак берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал эмне себептен кызматтан кеткендигин айтты.

Анын айтымына караганда, ага бийлик тарабынан коюлган саясий шартка макул болбогондуктан улам кеткен.

“Мага бийлик саясий шарт койду. Бирок, мен ага баралбайм деп иштен баш тартып кеттим. Бирок, аны айта албайм. Ошондой эле мени бийликтен кет деп эчким айткан жок. Ал эми Бажы кызматында система түзүлдү. Эгер жаңы жетекчилер биз жасаган реформаны улантып кетсе, анда анын натыйжасы жакшы болот. Өзүңүздөр көрдүңүздөр 4 айда кандай жыйынтык болгонун”,- деди Кулматов.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов “коррупция” беренеси менен айып тагылган. УКМКнын маалыматы боюнча, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп туруп, “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында кытайлык ТВЕА компаниясы тарабынан жаңы эки мектеп куруу максатында берилген гранттык каражаттарды КР Өкмөтүнүн карамагынан Бишкек шаардык мэриясынын карамагына Калыс Ордо жаңы конушунда мектеп куруу маселеси орчундуу деген жүйө менен чыгарып кетип, мыйзамсыз колдонгон.

Кулматов “Альто Групп” ЖЧК жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, кытайлык компаниядан 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө каражатты түздөн-түз ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан сырткары Калыс Ордодогу мектепти аягына чыгаруу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн. сомдон ашык акча бөлүнүп берилген.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кеп болуп жаткан курулуш компаниянын жетекчилеринин бири УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кулматовдун Бишкек шаарынын кызматтык адамдарынын жана аларга тиешеси бар жеке компаниянын жетекчисинин жашаган жеринде санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
77 жаштагы пенсионер муздун түбүнөн 10 метр сүзүп өттү
77 жаштагы пенсионер муздун түбүнөн 10 метр сүзүп өттү
Жээнбеков ипотекалык насыялоо программасын жүрүшү менен таанышты
Жээнбеков ипотекалык насыялоо программасын жүрүшү менен таанышты
Таиланддын аралчасына белгилүү ырчыны унутуп кетишкен
Таиланддын аралчасына белгилүү ырчыны унутуп кетишкен
2018-жылдын эң мыкты унаалары аныкталды
2018-жылдын эң мыкты унаалары аныкталды
Нью-Йоркто эски көпүрө жардырылды (видео)
Нью-Йоркто эски көпүрө жардырылды (видео)
"Человек-паук: вдали от дома" тасмасынын трейлери (видео)
Кантип чет өлкөдөн бекер билим алса болот?
Кантип чет өлкөдөн бекер билим алса болот?
Дача-СУда авиакырсыктан курман болгондор эскерилди
Дача-СУда авиакырсыктан курман болгондор эскерилди
Момбеков: Токтомду чыгарып берген акимдин үйүн биринчи бузуш керек! (видео)
Момбеков: Токтомду чыгарып берген акимдин үйүн биринчи бузуш керек! (видео)
Өкмөт жарандык коом институттарын өнүктүрүүгө көңүл бурат
Өкмөт жарандык коом институттарын өнүктүрүүгө көңүл бурат
Ашпозчуга айлык бербеген президент гамбургер алдырды
Ашпозчуга айлык бербеген президент гамбургер алдырды
Бек Борбиев кимдерге сын айтты?
Бек Борбиев кимдерге сын айтты?
Ошто 14 жаштагы бала чөп байлоочу жипке асынып алды
Ошто 14 жаштагы бала чөп байлоочу жипке асынып алды
Төрөбаев: Айып пул боюнча өкмөт уят болду (видео)
Төрөбаев: Айып пул боюнча өкмөт уят болду (видео)
​Денис Тенди өлтүргөндөрдү 20 жылга эркинен ажыратууну сурашты
​Денис Тенди өлтүргөндөрдү 20 жылга эркинен ажыратууну сурашты
Самара Каримова: Эркек болуп туруп майдалана берет  экенсиз...
Самара Каримова: Эркек болуп туруп майдалана берет экенсиз...