Өсүп кеткен тишти мурдунан алып чыгышты

Өсүп кеткен тишти мурдунан алып чыгышты
26-Май 2018, Ишемби, 12:27

Тюмень облусундагы Ишим шаарында аялдын тиши өсүп мурдунан алып чыгышты. Бул туурасында РИА Новости жазып чыгарды.

Мурду кечке бүтүп тажаган аял, дарыгерге арызданып кайрылган. Ал буга чейин гайморит экен деп дарыланган, анда эч кандай жыйынтык болбогондугун айткан.

Аны рентгенге тартканда тиши мурун көңдөйүн көздөй өсүп кеткени анык болду. Жасалган операция бир нече мүнөткө созулган.

Тиштин туура эмес өскөнү дүйнө калкынын 1-4 пайызында гана кездешет.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!