Эки кап марихуана менен кармалды

Эки кап марихуана менен кармалды
26-Май 2018, Ишемби, 13:48

Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын 34 жаштагы тургуну П. Алексей 2 капка салынган марихуана баңгизаты табылып кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда, «Укук-Тартип» операциясын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан Каракол-Пристань автожолунун жанында жайгашкан тегирмендин тушунан Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын 34 жаштагы тургуну П. Алексей кармалды. Өздүк кароо жүргүзүү мезгилинде, анын жанында 2 капка салынган марихуана баңгизаты табылган. Баңгизатынын салмагын өлчөгөн учурда, анын салмагы 22 килограмм 525 граммды түзгөн.


Аталган факты боюнча Каракол ШИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Баңгизатын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кармалган адам, эч жакка кетпөө тил катында калтырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!