Жыландын уусу кызынан энесине өттү

Жыландын уусу кызынан энесине өттү
26-Май 2018, Ишемби, 15:03

Индиянын Уттар Прадеш аймагында 35 жаштагы аял уктап жатканында 3 жаштагы кызын жылан чагып алган, бирок аял ойгонуп кызын жылан чагып алганын билбей эмизген. Көп өтпөй жыландын уусу баладан энеге өткөн.Бул тууралуу Lenta.ru жазып чыкты.

Полиция жетекчиси Вижай Сингх эне менен кызы бир канча убакыттан кийин ооруканага жетпей каза болгондугун айтты.

Индияда 300гө жакын жылан түрү болгондуктан, жыл сайын 46 миң киши жыландын чагуусу менен каза болот.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!