Ырчы Баястан кимдин колун сурады?

Ырчы Баястан кимдин колун сурады?
26-Май 2018, Ишемби, 16:13

Көпчүлүктүн көзүн арттырган белгилүү рэпер Баястан бийчи Зульфия Лансарованын туулган күнүндө колун сурап, шакегин салды. Ал бул тууралуу өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасына киргизген.

“Кудай буюрса тоюбуз кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн жээгинде болот”,-деп жазды ырчы.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Баястандын ата-энеси Зульфияга сөйкө салышкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!