Бүгүн, 8-июнда Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт музейинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата жаш сүрөтчүлөрдүн “Айтматов ааламы” көргөзмө сынагы болуп өттү.

Бул иш-чара “ Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын улуттук жана эл аралык деңгээлде өткөрүү боюнча планын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялык мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулду.

Иш-чарада Гапар Айтиев атындагы музейдин директору Юристанбек Шыгаев сөз сүйлөп: “Иш- чаранын негизги максаты- залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын көркөм сүрөт өнөрүндө, заманбап сүрөтчүлөрүнүн эмгектерин чагылдыруу жана элге жайылтуу”,-деди.

Айта кетсек, көргөзмө сынакка республикабыздын бардык аймактарынын жаш сүрөтчүлөрү, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун өкүлдөрү, Айтматов таануучулар, көркөм сүрөт өнөрүн сүйүүчүлөр катышты.

Сүрөтчү Замир Илипов: “Мен бул көргөзмөгө “Атадан калган туяк” чыгармасын тандап алдым. Анда өлүп калган атасын баласы элге кантип өлгөндүгүн туурап берип жаткан жери”,-деп сүрөтүн көргөздү Илипов.