Жумабеков Озонния Ожиеллону кабыл алды

Жумабеков Озонния Ожиеллону кабыл алды
12-Июнь 2018, Шейшемби, 16:32

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Озонния Ожиеллону кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан менен Бириккен Улуттар уюмунун ортосундагы кызматташтык жана өнөктөштүк мамилелер тууралуу сөз болуп, тараптар байланыштарды мындан ары да чыңдоо зарылчылыгына токтолушту.

“Чейрек кылым мезгил аралыгында биргелешкен бир катар долбоорлор ишке ашып, өлкөбүздүн демократиялык шартта туруктуу өнүгүшүнө багытталган көп жумуштар жасалды. Айрыкча, БУУ тарабынан Кыргызстандагы шайлоолордун ачык-айкын өтүүсүнө зарыл болгон колдоолор арбын болду. Натыйжада жаңы маалыматтык-технологиялардын жардамы менен 2015-2017-жылдардагы парламенттик жана президенттик шайлоолор жогорку деңгээлде өттү. Андыктан, биздин тыгыз кызматташтыгыбыз жемиштүү уланууда десек жаңылышпайм”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле Төрага Жогорку Кеңештин учурдагы ишмердүүлүгүнө учкай токтолуп, парламентаризмди бекемдөө менен аны өнүктүрүүгө арналып кабыл алынган 2021-жылга чейинки Стратегиянын алкагында жүргүзүлүп жаткан жаңылануулар тууралуу айтып берди.

Мындан сырткары, өлкө башчысы тарабынан жарыяланган быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылынын да маанилүүлүгүн баса белгилеген Төрага, БУУнун “Туруктуу өнүктүрүү максаттары – 2030” документинин негиздери эске алынып, кабыл алынган Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга өнүктүрүүнүн улуттук Стратегиясынын алкагында да кызматташтыкты арттыруу зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Озонния Ожиелло : “Биз Кыргызстан менен болгон ар тараптуу кызматташтыкты өркүндөтүүгө кызыкдарбыз. Айрыкча, адам укугун коргоо жана парламентаризмди өнүктүрүү жаатындагы байланыштарды улантуу менен биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу башкы максатыбыз”, – деди.

Жолугушуунун соңунда Жумабеков ЖК эл аралык байланыштарга өтө чоң маани берерин белгилеп, ар дайым кызматташууга даяр экендигин кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!