Салима Ниязова: "Кызым мектепке барса дейм"

Салима Ниязова:
12-Июнь 2018, Шейшемби, 16:49

Бир адамга кор болсо, бир адамга зар болгон дүйнө. Кээ бир адамдар байлыктарын кайда чачаарын, акчасын кайда жумшаарын билбей жатса, экинчиси бир кесим нанга зар болуп отурат. Тагдырдын жазылганы ушул деген ой менен ага баш ийип, борбордун чет жакасындагы конуштардын бириндеги кичинекей бир бөлмөлүү батирде күн кечирген Салима Ниязова эженин жашоо-шарты өтө эле оор. Балдарын өз колуна алып, жок дегенде балдарын мектепке киргизип окутсам экен деп кыялданып келет. Өзүнүн башынан өткөргөндөрүн Ниязова "Zaman.kg" маалымат агенттигине бөлүштү.

Бир кап ун берчи

"Мен өзүм Жалал-Абад облусунан болом. 12 бир тууганмын. Атам ыраматылык мындан бир топ жыл мурун өтүп кетти. Жалгыз бой апам бизди багып чоңойтту. Ошол кезден бери эле жашообуз өтө оор, жокчулук менен эле келе атабыз. Бирде ачка калып бирде ток калып жүрүп, өз турмушумду улантып 1988-жылы турмушка чыктым. Турмушка чыкканым менен кайын журтум аябай оор жашоого салды. Жашоо ар кандай болот экен да. Арадан бир топ жыл өтүп, үч балалуу болдук. Үй-жайыбыз жок батирлеп жашайбыз. Күйөөм иштебейт, менин тапканым эч нерсеге жетпейт талаада иштеп жүрүп ооруп калам, жатып калсам балдарым ачка калат. Кайын эне, кайын сиңдилерим мага күн көргөзчү эмес. Ошентип жүрүп бир күнү ооруп жумуш кыла албай жатып калдым, балдарым ачка, аларды ойлогондо дүйнө мен үчүн асты үстү болуп оодарылып кетет. Кошунабыз врач болчу, чоң дүкөнү бар эле. Аябагандай бай эле. Мен ошолорго бардым. "Бир кап ун берип турунузчу, ооруп балдарым ачка калды" дедим, ошол маалда мага эки колун бөйрөккө таянып алып "сен оорумак түгүл өлүп кет! ачка калсаңар эмнемен күнөөлүмүнбү?",- деп айкырып дүкөн жаңыртты, Ошондо мага 1 чака муздак сууну башыма куйгандай эле деңгиреп эмне кылаарымды билбей ачка калган кичинекей балдарымды ойлоп ыйлап чыгып кеттим. Балдарыма бир кесим нан зарыл эле, кудайым бар экен ары жактагы Николай деген орус кошунабыз чыгып 1 чоң кап ун берди.. Ошол орустун берген уну балдарымды ачкалыктан алып калды.

"6 миң сомго сени дарылантканча, 1 аял алып алганым артык"

Бир күнү жүрөгүм катуу ооруп Жалал-Абаддагы ооруканага жатып калдым. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда калдым. Бир туугандарыма да айткан жокмун, айтканда эмне, аладын да жашоолору оор, алардын кыйналышын каалаган жокмун. Ошентип ооруканада 5 ай жаттым. Ал учурда балдарым көрбөгөн кордукту көрүштү, ачка калды, бир тоголок нан күкүмүнө зар болушту. Убакыт өтүп бир аз жакшы болуп ооруканадан чыктым. Чыкканда врачтар 6 миң сомго дары жазышты. Ошондо күйөөм "сага 6 миң сомго дары алып берип, сени дарылатканча 1 аял алып алганым артык",- деп басып кетет берди. Убакыт өтүп ал жаш аял алып Москвага кетишип, ал жактан 5 айдан кийин аялы экөөнүн сөөгү келди. Ошол күндөн тарта балдарым ата мээримин да көрүшкөн жок. Мектепке барып окугулары келет. Эч эле окута алган жокмун. Эки кызым, бир уулум менен бараар жерим жок Жалал-Абаддын ар кайсы жерлеринде жалдырап ар кайсы батирде баш калкалап келдим. Балам эпилепция оорусу менен ооруйт, аны апам би ртууган байке, женем багып келет. Балдарыма жөлөк пул, пенсия да албайм. Ошентип оор турмушта күн кечирип жүрүп, экинчи турмушумду уланттым.

Өгөй атасы кызымды сабап

Бул турмушуман деле жыргап кетке жокмун. Дагы деле жоктун азабын тарттым, балдарым ачка калбасын деп даараткана жуусам да иштеп нан таап келем. Ошентип бул күйөөмөн бир кыздуу болдум ал. Ал кызым 6, 7 ай болгондо эле үйгө калтырып талаага иштеп кетчүмүн. Бир күнү келатсам эле күйөөм биринчи турмушумдагы кыздарымды сабап жатыптыр. Көрсө ал мурда деле сабачу экен. Кыздарым коркконунан мага айтышбаптыр, өгөй атасы өгөйлүк кылды. Мындай кор жашоодо жашаганым бир тең, кыздарымды сабаганы бир тең болду. Акыры 9 айлык кичинекей кызымды алып төрт балам менен чыгып кеттим. Апамдын үйүндө төрт балам менен жүрдүм. Биз ач калсак мейли деп бир аз тапканыбызды балдарыбызга тамак-аш алып беребиз. Күйөөм келип 9 айлык кызымды менден алып кетип калды ,2 ай убакыттан кийин баягы кызым ооруп арыктап өлөрү эле калганда кайын энем мага алып келип "биз бага албайбыз",- деп таштап кетти.

Кызым өлүм менен өмүрдүн ортосунда калып

Мына эми жашоо мен үчүн чоң бир нукка киргендей болду. "Кайда барам? Кантем? Акчаны кайдан табам?",- деп айлам кетип кызымды ооруканага алып бардым. Кызым арыктыгынан сөөгүнө териси жабышат. Аны көргөн Урмат аттуу врач келин дароо кызымды дарылап, дары дармектеринен жардам көрсөттү. Ошону менен атасы бир басып келген жок, азыр Жалал- Абадда жашайт. Апама бир туугандарыма жүк болбой Бишкеке келип өз алдынча оокат кылайын дедим. Балдарымды туугандарым карап калды. Бул жакка келип батирге чыктым, ишке кирип иштейин деп жумуш издедим. Өзүм оорукчан болсом да талааларда иштедим. Азыр кичүү кызымды алып алгам, жаныма жалгыз болсоң да жаман экен. Жалгыздык сени ар кандай ойго, санаага чөктүрөт экен. Бир аз алаксып жанымда кызым болсун дедим. Батирде жашап кызым менен бирде ач бирде ток күн өткөрүп келебиз",-деп баяндады башынан өткөн тагдырын Салима Ниязова.

Айта кетсек, Салима апанын улуу кызы турмушка чыгып өз жашоосу менен. Бир баласы оорукчан, аны бир тууган агасы багат. Ортончу кызы да айылда окууну көздөп келет, ал эми кичүү кызы Бермет 15 жашта.

"Мен да атаке де эркелесем"

"Кичине кезимен ата мээримин көрбөй, атамдын жытын жыттаган жокмун. Кошуна балдарды көрүп өзүмдү аябай жаман сезип кетем алар атасын кучактап эркелешет. Мага да ошондой күн келсе экен деп кудайдан тилеп келем, бирок атам келбейт. Атамды жол карап күтөм. Кучактап мойнуна асылсам дейм",-деди Бермет.

Мектепке окугум келет

"Мен да мектепке барып, окуп билим алгым келет. Бирок окуйун десем биздин акчабыз жок окуганга мүмкүнчүлүгүбүз жетпейт. Комуз черткенди жакшы көрөм. Комузум бар, бир аз черте алам бирок, менин комуз черткениме эч ким жардам бере албайт. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей балким мектепке окуп калсам ошол жактан ийримдерге катышат болчумун. Тапканыбыз күнүмдүк тамак-ашыбыздан артпайт. Анан бат эле батирдин акчасы келет аны да төлөбөй койсок бизди чыгарып жиберет биз анан кайда барабыз",-деп кошумчалады Бермет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!