Тергөөчү акча алып жаткан жеринен кармалды

30-Март 2017, Бейшемби

Бишкек шаардык СИЗО-1дин жетекчисинин орун басары ички кызматтын подполковниги Э.Ш. акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя кечээ 29-мартта болгон.

“Кармалган “Э.Ш.” Бишкек шаардык СИЗО-1ге азык-түлүк продуктыларын ташуу тендерине байланыштуу 87 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Атайын прокуратура тарабынан “опузалап пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган №1 тергөө абагынын орун басары УКМКнын убактылуу камакка алуу жайына камалды.

Тергөө жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!