Прапорщик мас абалында аскер кызматкерлерин сабады

Прапорщик мас абалында аскер кызматкерлерин сабады
13-Июнь 2018, Шаршемби, 10:18

Өзгөчө кырдалдар министрлигинин Таш-Көмүр шаарындагы аскер бөлүмүнүн 9 кызматкерин прапорщик мас абалында келип сабаган. Бул тууралуу zaman.kg маалымат агенттигине ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирмеде айтылгандай, аскер бөлүктүн жетекчилиги жоокерлерди токмоктогон аскер кызматчысынын иши боюнча мыйзам чегинде аскер прокуратурасына кабар берген. Сабалган жоокерлер ооруканага алып барып, кароодон өтүшкөн. Учурда аскер прокуратурасы тарабынан “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, токмоктогон аскер кызматкерин 48 саатка камакка алуу чечими чыккан.

Бул окуяны Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өзү жеке көзөмөлүнө алган.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!