Депутат Нурланбек Кадыкеев көз жумду

Депутат Нурланбек Кадыкеев көз жумду
13-Июнь 2018, Шаршемби, 10:58

Депутат Нурланбек Кадыкеев оорудан улам көз жумду. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы да тастыктады.

Ал 2015-жылы «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайланган.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков эл өкүлдөрүнүн атынан Нурланбек Кадыкеевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көӊүл айтуу менен, алардын аза кайгысын теӊ бөлүшө турганын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!