342 адамга Кыргызстандын жарандыгы берилди

342 адамга Кыргызстандын жарандыгы берилди
13-Июнь 2018, Шаршемби, 11:34

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана кыргыз жарандыгынан чыгуу жөнүндө 4 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда президенттик аппараттан кабарлашты.

Анын ичинен Президенттин 1 Жарлыгы 551 адамды (анын ичинен 422 — чоң адамдар жана 129- балдар) кыргыз жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Президенттин 3 Жарлыгы кыргыз жарандыгына 342 адамды кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 341 -чоң адамдар жана 45- балдар), алардын көпчүлүгү Өзбекстандын жана Тажикстандын мурдагы жарандары, тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!