Бишкекте дагы эки көчө жабылат

Бишкекте дагы эки көчө жабылат
13-Июнь 2018, Шаршемби, 12:06

16-июндан тартып шаардын айрым жол тилкелери жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.

Муниципалитет кабарлагандай, Үсөнбаев көчөсүнүн Жибек жолу проспектиси менен Чоң Чүй каналына чейинки аралыгы жабылып, "Бишкек шаарынын унаа жолдорун калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында 15-июлга чейин жол куруу иштери уланат.

Ошондой эле жолдорду калыбына келтирүү иштерине байланыштуу Айни көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов (Тынчтык проспектиси) жана Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат. Бул жолдор 30-августта колдонууга берилет.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!