Жол кырсыктары кайсы аймакта көп катталат?

Жол кырсыктары кайсы аймакта көп катталат?
13-Июнь 2018, Шаршемби, 12:19

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жол коопсузудугу жана “Коопсуз шаар” боюнча өкмөттүн долбоору боюнча маалымат угуп жатат.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баяндама жасап жатып, өткөн жылы жол кыркыгынын кесепетинен 907 адам каза болгонун билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында катталган жол кырсыктардын 57,1 пайызы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жолдорунда катталган.

“Акыркы учурда өлкө ичинде катталган транспортук унаалардын саны 1 млн 170 миңден ашып кеткен. Өлкө болгону автомобил жолдордун узундугу болгону 66 миң 611 километрди түзөт. Анын ичинен 20 миң 772 километр жол эл аралык, калган жолдор муниципиалдык жол болуп эсептелет. 204 миң 125,5 квадрат метр белги коюлган. Респибликада жалпы 616 жол чырак объектиси бар”,- дейт Боронов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!