Бишкектин жолдоруна качан камералар орнотулат?

 Бишкектин жолдоруна качан камералар орнотулат?
13-Июнь 2018, Шаршемби, 13:09

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жол коопсузудугу жана “Коопсуз шаар” боюнча өкмтүн долбоору боюнча маалымат угуп жатканда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “Коопсуз шаар” долбоорун ишке арышуунун алкагында Бишкек шаарына видеокамералар күз мезгилинде орнотулуп баштарын билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкекте эксперимент үчүн 4 видеокамера орнотулган. Анын ишин анализдөө иштери жүрүп жатат.

“Биз биринчи этабында негизги басымды жол эрежелерин бузуу жана кырсыктарды төмөндөтүүгө басым жасап жатабыз. Аталган аппарат 6 түрдүү жол эрежесин аныктайт. Бул камералар унаалардын стоп сызыгынан ашып кетүүсүн, ылдамдыгын, кызылдан өтүп кетүүсүн, каршы тилкеге чыгып кетүүсүн, жол чиймесиндеги линияларын бузуусун, токтоо жана токтотуп туруу эрежелерин бузуусун аныктайт. Келечекте муну 14кө чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Биз мындай камераларды эл көп жайгашкан жерлерге дагы коелу деп жатабыз. Ал эми айыптар автоматтык түрдө же айып пулду банкка барып төлөгөнгө чейин эч бир адамдын катышуусуз чечилет. Баарына бирдей шарт түзүлөт”, - деди Боронов.

Айта кетсек, ушул эле жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өткөн жылы Республика боюнча 907 адам жол кырсыгынан каза болгонун жана катталган жол кырсыктардын 57,1 пайызы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жолдорундаорун алганын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!