Айдоочуларга 100 миң сомго чейин айып салуу сунушталды

Айдоочуларга 100 миң сомго чейин айып салуу сунушталды
13-Июнь 2018, Шаршемби, 15:15

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жол коопсузудугу жана “Коопсуз шаар” боюнча өкмтүн долбоору боюнча маалымат угулуп жаткан депутат Данияр Аттокуров мас абалында жол эрежесин бузган айдоочуларга карата салынуучу айыптын баасын жогорулаттууну сунуштады.

Анын айтымында, ушул маселе боюнча эң жогорку айып Казакстанда 3 миң доллардан жогору болсо, Россияда 100 миң рубль өлчөмүндө айып салынат.

“Биз деле мас абалында унаа башкаргандарга карата айыпты көтөрсөк. Айып жогору болсо, балким айдоочу мас абалында рулга отурарда ойлонотго деген сөзда. Жок дегенде 100 миң сомдон баштасак. Бул маселени ойлонуп көрүп, жаңы мыйзам долбоорун алып келсеңер, мен ойлойм кесиптештерибиз мыйзам долбоорун колдоп берсе керек. Тез арада жаңы мыйзам долбоорун алып келсеңер, бир адамдын өмүрүн сактап калсак бул да чоң ийгилик болот эле”,- дейт Аттокуров

Эскерте кетсек, Кыргызстанда мас алабында унаа башкарган айдоочу жолкырсыгына кабылып, кимдир бирөөнүн денесине оор залакат келтирсе, анда мыйзамга ылайык ага 20 миң сом айып салынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!