Президент шайлоо мыйзамдарын жакшыртууну сунуштады

Президент шайлоо мыйзамдарын жакшыртууну сунуштады
13-Июнь 2018, Шаршемби, 16:26

Бүгүн, 13-июнда президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Шайлоо системасын реформалоо жана өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын мындан ары жакшыртуу боюнча милдеттер талкууланды.

Шайлдабекова шайлоо системасын жакшыртуу боюнча жумушчу топтун ишинин арадагы жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

«Жумушчу топтун топчолорунун отурумдарынын жыйынтыктары менен 2018-2020-жылдарга шайлоо жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу Стратегиясынын долбоорунун миссиясы, көз карашы, көйгөйлөрү жана стратегиялык максаттары иштелип чыккан», — деп айтты Шайлдабекова.

Ал Стратегиянын долбоору бардык аймактарда талкууланганын, июндун аягына чейин коомдук талкууга коюлаарын белгиледи. Андан кийин долбоор өлкөнүн Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кароосуна киргизилет.

Президент шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча жумушту ыкчамдатууга басым жасап, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу коркунучтарын азайтып, элдин шайлоого болгон ишенимин жогорулаткан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экендигин белгиледи.

«Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү алдын ала, кийинки шайлоого чейин киргизип, шайлоого катышуучуларга түшүндүрүү зарыл. Партиялар жана шайлоочулар аны менен кылдат таанышып чыгып, шайлоого пландуу даярдана башташы керек. Бул элдин шайлоо системасына карата ишенимин калыптандырат», — деп белгиледи Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!